Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун: “Өлкө башчы өз мүмкүнчүлүгүнө жараша иш алып барып жатат

Жыл башынан эле өлкөдө буга чейин актуалдуу болуп келген орчундуу көйгөйлөр көзгө урунду. Миграция маселеси, үй-бүлөдөгү балдарга карата зомбулук, жумушсуздук. Жаңы кодекстердин ишке кириши кабыл алынган мыйзамдар чийки экенине далил болду. Өкмөт менен парламенттин ишин сындагандар көп. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков үн каткан жок.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мамлекетти президент башкарып жатканы жашыруун эмес. Өлкөдөгү маселелер үчүн парламент менен өкмөттү күнөөлөгөн канчалык туура?" деген соболуна экс-акыйкатчы Турсунбек Акун жооп берди.

Анын айтымында, жалгыз эле президент жооп бербей, премьер менен спикер да жооп берүүгө тийиш.

“Президент кеменин капитаны сыяктуу, ал эми кеменин эки жагында бортмеханик жана бортинженер дегендер болот. Алар азыркы премьер жана спикер болууда. Эгер бортмеханик менен бортинженер өз ишин так аткара алышпаса, капитандын да иши жүрбөйт. Мындай учурда кеме аңтарылып кетиши, туура эмес толкундарга туш болуп калышы же бузулуп калышы мүмкүн. Ошол себептен улам парламент менен өкмөт дагы көмөктөшүп туруусу зарыл. Өлкө башчы өз мүмкүнчүлүгүнө жараша иш алып барып жатат. Аны жакшы көргөнү да, сындагандары да бар. Капитан иш алып барып жатса, демек, механик менен инженер да иш алып барууда. Такыр иш алып барбай жатышат деген пикирге кошулбайм. Жалгыз эле президент жооп бербей, премьер менен спикер да жооп берүүгө тийиш. Себеби алар да башкарууга катышууда. Экономиканы жылдыруу аракеттери жүрүүдө, инвестиция тартуу аракеттери көрүлүүдө, жолдор оңдолуп жатат. Түрдүү жыйындар өтүүдө, тапшырмалар берилип жатат. Чиновниктер дайындалып, кызматтардан алынып, отчётторун угуп жатышат. Эл кандай кабыл алат, ал башка маселе, бул нерсенин баары жыйынтык, бюджет, жалпы өсүш кандай болоруна көз каранды”,- дейт Акун.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Абдывахап Нурбаев, саясатчы Адахан Мадумаров, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, саясат тануучу Орозбек Молдалиев, саясий серепчи Нурсултан Акылбек жана коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан