Депутат Алтынбек Сулайманов: "Биз парламенттик өлкө экенибизди айтып жүрөбүз, бирок президенттик өлкө экенибиз талашсыз"

Жыл башынан эле өлкөдө буга чейин актуалдуу болуп келген орчундуу көйгөйлөр көзгө урунду. Миграция маселеси, үй-бүлөдөгү балдарга карата зомбулук, жумушсуздук. Жаңы кодекстердин ишке кириши кабыл алынган мыйзамдар чийки экенине далил болду. Өкмөт менен парламенттин ишин сындагандар көп. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков үн каткан жок.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мамлекетти президент башкарып жатканы жашыруун эмес. Өлкөдөгү маселелер үчүн парламент менен өкмөттү күнөөлөгөн канчалык туура?" деген соболуна депутат Алтынбек Сулайманов жооп берди.

Эл өкүлү көч бара-бара түзөлө турганын айтты.

“Биз парламенттик өлкө экенибизди айтып жүрөбүз, бирок президенттик өлкө экенибиз талашсыз. 70 жыл СССРдин курамында жүрүп президенттик башкарууга көнүп калганбыз. Парламенттик башкарууга аз эле убакыт болгонуна байланыштуу парламенттик өлкө болуу үчүн өзүнүн убактысы келет. Көч бара-бара оңолот. 1-2 чакырылыш алмашып, ушул багытта бара турган болсок сөзсүз парламенттик башкарууга барабыз деген үмүттөмүн. Көп маселе боюнча парламенттин, өкмөттүн күнөөсү бар. Ошондуктан эл баасын экөөнө тең берип жатат”, - деди Сулайманов.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, саясатчы Адахан Мадумаров, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, саясат тануучу Орозбек Молдалиев, саясий серепчи Нурсултан Акылбек жана коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан