Депутат Абдывахап Нурбаев: “Өкмөт жакшы иштесе да, жаман иштесе да ага парламент жоопкерчиликтүү”

Жыл башынан эле өлкөдө буга чейин актуалдуу болуп келген орчундуу көйгөйлөр көзгө урунду. Миграция маселеси, үй-бүлөдөгү балдарга карата зомбулук, жумушсуздук. Жаңы кодекстердин ишке кириши кабыл алынган мыйзамдар чийки экенине далил болду. Өкмөт менен парламенттин ишин сындагандар көп. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков үн каткан жок.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мамлекетти президент башкарып жатканы жашыруун эмес. Өлкөдөгү маселелер үчүн парламент менен өкмөттү күнөөлөгөн канчалык туура?" деген соболуна депутат Абдывахап Нурбаев жооп берди.

Эл өкүлү Конституция боюнча мамлекеттеги чарбалык иштерди өкмөт жасап жатканын айтты.

“Конституция боюнча мамлекеттеги чарбалык иштерди өкмөт жасап жатат. Президент сырткы саясатты жүргүзүүдө. Албетте, өкмөт жакшы иштесе да, жаман иштесе да ага парламент жоопкерчиликтүү. Анткени парламент шайлаган. Парламент эл өкүлү катары өкмөттөн талап кылууда. Чындыгында өкмөт кээ бир нерселерди кыла албай жатат. Кемчиликтери акыркы учурда көп болуп, экономикалык жылыштар аз болууда. Ал эми жаңы ишке кирген кодекстер боюнча өкмөт менен Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги бирдей”, - деди Нурбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов, саясатчы Адахан Мадумаров, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, саясат тануучу Орозбек Молдалиев, саясий серепчи Нурсултан Акылбек жана коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан