Жыл башынан эле өлкөдө буга чейин актуалдуу болуп келген орчундуу көйгөйлөр көзгө урунду. Миграция маселеси, үй-бүлөдөгү балдарга карата зомбулук, жумушсуздук. Жаңы кодекстердин ишке кириши кабыл алынган мыйзамдар чийки экенине далил болду. Өкмөт менен парламенттин ишин сындагандар көп. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков үн каткан жок.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мамлекетти президент башкарып жатканы жашыруун эмес. Өлкөдөгү маселелер үчүн парламент менен өкмөттү күнөөлөгөн канчалык туура?" деген соболуна саясатчы Адахан Мадумаров жооп берди.
Ал мыйзамды сунуштагандар, кабыл алгандар жана кол койгон президент жоопкерчилик алышы керек деген пикирин айтты.
"Менимче, кыргыз эли түшүнө турган мезгил келди. Кимдир бирөөнү күнөөлөгөндө пайда жок. Сабатсыздар десем көпчүлүгү ишенбейт эле. Кечээ кабыл алынган кодекстерине 13 миллион евро алышыптыр. Мыйзам жазганы үчүн айлык алып жатышпайбы. Бирөөнү жалдап жазып жатышабы? Жазган мыйзамдарынын кебетесин көрүп эл эмес, өздөрү түшүнбөй отурушат. Эми ким жооп берет? Ал акчага онкологиялык оорукана курулса пайдалуураак болмок. Жарандарыбыз кошуна өлкөлөргө барып жалдырап дарыланып жатышат. Өкмөт сунуштап жатат, депутаттар кабыл алып берүүдө, сабаттуу деген президент кол коюп берүүдө. Илгери мыйзамда бир сөз туура эмес жазылып калса эмне деген будуң-чаң чыгып кетчү эле? Азыркылардын бардык кодекстери туура эмес болуп жатпайбы. Мектепте начар окугандарды сабайт эле, буларды эмне кылышты билбейсиң. Өкмөт башчыдан баштап акыркы мүчөсүнө чейин сабатсыз болуп жатат. Мыйзам кандай жазыларын билбеген өкмөт, мыйзамга кандай кол коюш керектигин билбеген президент отурат. Кол койгондон кийин өкмөт да, президент да, Жогорку Кеңеш дагы жоопкерчилик алышы керек", - деди Мадумаров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Абдывахап Нурбаев, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, саясат тануучу Орозбек Молдалиев, саясий серепчи Нурсултан Акылбек жана коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин пикири бул шилтемеде.