Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев 1963-жылдын 25-январында Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылында туулган.
Ал 1985-жылы Фрунзедеги Советтик соода техникумун “Товар таануу жана өнөр жай товарларынын соодасын уюштуруу” адистиги боюнча, 2005-жылы Кыргыз улуттук университетин “финансы жана кредит” адистиги боюнча, 2013-жылы Кызыл-Кыядагы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин Жаратылышты пайдалануу жана геотехнология институтун “тоо-кендери жаткан жерлерди иштетүү” адистиги боюнча аяктаган.
1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, Ооганстан Республикасында интернационалдык милдетин аткарган.
Эмгек жолун 1985-жылы Фрунзедеги “Айчүрөк” дүр-дүнүйө дүкөнүндө “Килем буюмдары” секциясынын контролёру катары баштаган.
1986-1992-жылдары “Комфорт” дүкөнүндө улук сатуучу – “Курулуш материалдары” секциясынын башчысы;
1992-жылы “Азат” чакан ишканасынын директорунун коммерция боюнча орун басары;
1992-1996-жылдары “Ооган” чакан ишканасынын директору;
1996-жылы Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы;
2010-жылы “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2015-жылы КСДПнын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
25-январга карата жылнаама.