Париждеги аэропорт журналист кыздын шиш такалуу бут кийиминен улам ызы-чууга түштү

Париждеги аэропорт андагы жүргүнчү кыздын күйүп-жанган шиш такалуу бут кийиминен улам ызы-чууга түштү. Бул тууралуу бир катар чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматта жазылгандай, ал кыз Касабланкага учууга камынып, аэропортко келген. Анын сумкасын көзөмөл өткөрүү жайынан текшерип жатышканда ичинде жарылуучу затка окшош зат бар экени көрсөтүлгөн. Коопсуздук кызматкерлери дароо аракетке өтүп, аэропорттогу 2 залдагы адамдарды эвакуация кылышкан. Ал жердин айланасы курчоого алынып, сумканы текшерүүгө атайын адистер чакырылган.

"Алар келип сумканын ичинен өчүп-күйүп турган модалуу, шиш такалуу бут кийимди табышкан. Ал баштыктын ээси мода журналында иштеген журналист кыз экени белгилүү болгон. Мындай жаңылыш ойлордон улам аэропортто рейстер 3 саатка чейин кармалган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shaa-82
2019-01-25 12:20:30
Шиш таканы деп канчалаган жургунчулор жетчуу жерине кечигишиптирда .
0
Munar92
2019-01-25 14:40:10
Сонун экен туфлиси
-2
munduz2016
2019-01-25 16:41:29
Жаңылышыптыр да.
0
Ali_Bolotbek
2019-01-25 17:24:27
Ошону жогорку кеңешке бир ыргытып коркутуп койгулачы☺
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан