2018-жылы Кыргызга чет өлкөлөрдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 31,5 пайызга кыскарып кеткен. Өткөн жылы Кытай Эл Республикасынан Кыргыз мамлекетине тикелей келген инвестиция 125 миллион АКШ долларын түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган. Бул тууралуу "Азаттык" сайтына Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкар Адилбек уулу билдирген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кытайдан Кыргызга келген инвестиция 2 эсеге кыскарды. Өкмөт инвестицияны тартууда кандай иштеп жатат?" деген соболуна депутат Аида Исмаилова жооп берди.
Депутат Аида Исмаилованын айтымында, инвестиция тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулап, чечүү жолдорун аныктоо зарыл.
"Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик бар. Мисалы, мен ошол агенттиктин жасаган иштери тууралуу уга элекмин. Инвестицияны тартуу боюнча белгилүү бир механизмдерди түзүү зарыл. Балким, кээ бир мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. Экономика министрлиги көзөмөлдөөчү орган болуп жатпайбы. Агенттиктердин түзүлүшүнө себептер болуп, алдына кандайдыр бир план түзүшкөндүр. Бирок отчётторун да көрө элекпиз. Мамлекеттик органдар ортосунда бири-бири менен кызматташуу болушу керек. Алар чогулуп инвестиция тармагындагы көйгөйдү чечүү жолдорун аныктап чыгышы зарыл. Мисалы, биз бүгүн мыйзам долбоорун талкууладык. Ага тийиштүү адистер катышканынан жылыш пайда болду. Инвестиция жаатындагы көйгөйлөрдү да талкуулап, чечүү жолдорун карап чыгуу кажет", - деди Исмаилова.
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункулов, экономисттер Улук Кыдырбаев, Айылчы Сарыбаев жана мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча серепчи Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.