2018-жылы Кыргызга чет өлкөлөрдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 31,5 пайызга кыскарып кеткен. Өткөн жылы Кытай Эл Республикасынан Кыргыз мамлекетине тикелей келген инвестиция 125 миллион АКШ долларын түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган. Бул тууралуу "Азаттык" сайтына Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкар Адилбек уулу билдирген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кытайдан Кыргызга келген инвестиция 2 эсеге кыскарды. Өкмөт инвестицияны тартууда кандай иштеп жатат?" деген соболуна эксперт, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункулов жооп берди.
Ал грант жана кредит алууну токтотуу керек деген пикирин айтты.
"Өкмөткө ишеним төмөн, премьердин реформа кылайын деген аракети деле байкалбайт. Түкүрүк менен алек болгондой сезим калтырат. Инвестиция тартуу үчүн Орто Азиядагы эң ыңгайлуу шарт түзүлүшү керек эле. Өзбекстан бул багытта кандай иштеп жатканын көрүп турасыңар. Ички инвесторлор дагы капиталын сыртка чыгарып жатат. Финансы чалгындоо кызматынын дагы демилгелери инвесторлорду чочутту. Экономиканы түшүнгөн, реформатор, чечкиндүү премьер-министр келүүсү керек. Азыркы өкмөт өзүнүн алсыздыгын далай жолу көрсөттү. Коррупция менен күрөшөм деген күч органдары дагы ишкерлерге тоскоолдук жаратууда. Өкмөт Жогорку Кеңеш менен тыгыз иш алып баруусу, реалдуу максаттарды коюп конкреттүү мөөнөттө ишке ашыруусу, инвестиция тартып жана мамлекеттик жеке өнөктөштүктү иштетүүсү зарыл. Грант жана кредит алууну токтотуу кажет. Азыркы өкмөт советтик доордун аң-сезими менен иштеп жатат. Базар экономикасына ылайык иш алып барышы керек да. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берип, мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтып, профессионалдарды алып келип айлыгын көбөйтүп берүү кажет", - дейт Момункулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исмаилова, Аалы Карашев, экономисттер Улук Кыдырбаев, Айылчы Сарыбаев жана мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча серепчи Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.