Экономист Улук Кыдырбаев: “Чыныгы инвестордук климат түзүү үчүн ишкерликке тиешелүү мыйзамдарды оңдоп, сот системин жакшыртуу зарыл”

2018-жылы Кыргызга чет өлкөлөрдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 31,5 пайызга кыскарып кеткен. Өткөн жылы Кытай Эл Республикасынан Кыргыз мамлекетине тикелей келген инвестиция 125 миллион АКШ долларын түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган. Бул тууралуу "Азаттык" сайтына Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкар Адилбек уулу билдирген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кытайдан Кыргызга келген инвестиция 2 эсеге кыскарды. Өкмөт инвестицияны тартууда кандай иштеп жатат?" деген соболуна экономист Улук Кыдырбаев жооп берди.

Ал Кытайдан Кыргызга келген инвестиция азайса, башка мамлекеттерден жолдорду карап, тартуу керек экенин айтты.

“Инвестиция тартуу, биринчиден, Тышкы иштер министрлигинин, экинчиден, Экономика министрлигинин милдети болуп саналат. Кыргыз мамлекетине 27 жылдан бери инвестиция тартабыз деп аракет кылып, аларга бейиш түзүп беребиз деп келебиз. Бирок буга чейинки инвестиция тартуудагы тажрыйбада терс мисалдар көп. Себеби кээ бир инвесторлордун мүлк укуктары тебеленип кеткен. Ошондон улам бизге келген инвесторлорду эл аралык соттор аркылуу айыптап, салган инвестициясын тартып алууга иш-аракеттер болгон. Жаңы келген инвестор биринчи өкмөттүн, соттордун ишкерлерге болгон мамилесин карайт. Эгерде соттор мыйзам эрежелерине карабай, өкмөттүн тарабын колдосо кандай болот деген анализ жүргүзүшөт. Бүгүнкү күндө өкмөт, Жогорку Кеңеш биргелешип инвесторго болгон шарттарды оңдошу зарыл. Кыргыз өлкөсүндөгү шарттарга инвесторлор ыраазы болсо, алар башка инвесторлорду тартканга аракет кылышат. Чыныгы инвестордук климат түзүү үчүн ишкерликке тиешелүү мыйзамдарды оңдоп, сот системин жакшыртуу зарыл”, - деди Кыдырбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исмаилова, Аалы Карашев, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункулов, экономист Айылчы Сарыбаев жана мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча серепчи Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан