Жакын арада Facebook социалдык тармагынын жетекчилери WhatsApp, Instagram жана Facebook мессенжерлерин бириктирүү боюнча даярдык көрүп жатышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, учурда 3 тиркемени жуурулуштуруу системи биринчи этапта иштелип жатат. Бул бириктирилген тиркеменин эң негизги артыкчылыгы катары колдонуучулардын коопсуздугу каралганы айтылууда. Мисалы, Facebook социалдык тармагынын колдонуучулары WhatsApp колдонуучуларына коопсуз каналы аркылуу кат жөнөтүүгө мүмкүндүк алышат.
Facebook социалдык тармагынын башчысы Марк Цукерберг WhatsApp жана Instagram социалдык тармактарын сатып алган учурда ар бир тармакты өз-өзүнчө өнүктүрө турганын айткан эле. Анын айтымында, 3 тармакты бириктирүү тиркемелердин иш системинин пайдалуулугун жогорулатат.
Ал эми журналисттер 3 тиркеменин биригиши менен компанияга жарнамадан көп каражат түшө турганын айтышууда.
WhatsApp'тын кызматкерлери Марк Цукербергдин бул чечимине нааразы болушууда. Андан сырткары катталуучулардын купуялуулугу кантип сакталары дагы азырынча белгисиз. WhatsApp'ка катталуу үчүн номер гана талап кылынса, Instagram жана Facebook мессенжери учурда иштеп жаткан номерди талап кылат.