Мамлекеттик миграция кызматы Ички иштер министрлиги жана жарандык активисттер менен биргеликте Чүй облусундагы ишканаларды кыдырып келди. Бул тууралуу Миграция кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, адегенде ал топ Токмок шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү заводуна барды. Ишкананын директорунун орун басары Чжэн Сюэм бүгүнкү күндө ишканада Кыргыз Республикасынын 74 жараны, Кытай Эл Республикасынын 34 жараны эмгектенерин билдирген.
Ал өз сөзүндө: "Кытай жарандары заводдун аймагындагы жатаканада жашайт. 2012-жылдан тартып Кытай тараптан заводдун курулушуна жана ишке киришине 60 миллиондой доллар жумшалган. Заводдун кызматкерлери жыл сайын окутулуп турат. Бизнестин социалдык жоопкерчилигинин маанилүүлүгүн түшүнүү менен жергиликтүү мектепке компьютерлерди сатып алууда, жолдорду курууда жардамдар көрсөтүлдү. Мындан тышкары, биз түрдүү майрамдарды уюштурууда жана өткөрүүдө көмөктөшүп турабыз", - дейт.
Делегация андан ары 400 адам эмгектенген “Кант түтүк-шифер ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомуна барды. Ишкананын акционери Танвир Афтаб ал ишканада Пакистан Ислам Республикасынын 3 жараны иштей турганын, алар - өзү жана анын 2 техникалык кеңешчилери экенин айтат.
"Бардык жумушчулар эмгек мыйзамдарына ылайык иштешет. Жарандыгына карабай бардык кызматкерлерге бирдей эмгек шарттары түзүлгөн. Эмдиги жылдан тартып Кыргыз өлкөсүндө жаңы заводдун курулушу башталат деп турабыз", - дейт Афтаб. Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Кудайбердиев чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында жүрүүсүнө киргизиле турган жаңы эрежелер тууралуу айтып берди.
“Биз тараптан жергиликтүү жана чет өлкөлүк жумушчулардын катышы 80 пайыз жана 20 пайызды түзгүдөй мыйзамдык актылар даярдалып жатат. Ошондой эле ар бир чет өлкөлүк жумушчу үчүн иш берүүчүлөр тарабынан чегерилүүчү сумма жогорулатылат. Биздин божомолдорго ылайык, бул жаңы киргизүүлөр казынага 200 миллион сомдой толуктоо алып келет”, - деп белгилеп өттү.
Ачык текшерүү жүргүзүү максатында “Кырк чоро” коомдук кыймылынын жетекчиси Замирбек Көчөрбаев да чакырылып, ал мындай текшерүүлөр тууралуу: "Ушул сыяктуу текшерүүлөрдүн үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турушун каалайбыз. Биздин кыймылдын инвесторлорго эч кандай каршылыгы жок экенин белгилей кетким келет, бирок биз ата мекендин мыйзамдары кыйшаюусуз сакталуусун каалайбыз", - деди ал.