SUPER.KG порталынын SUPER TV бөлүмү жылдыздардын катышуусунда бүйүр кызыткан "Zor Шоу" программасын тартуулайт. Бул ирет белгилүү жылдыздар кышкы спорт оюндары боюнча таймашты.
Эсиңиздерде болсо, буга чейин атактуулар бийик жардан секирип тобокелдикке барышкан. Кийинки этапта ырчылар Айдана Дека менен Алмаз Шаадаев коркунучтуу караңгы бөлмөгө кирип, квест ойноп чыгышкан. Ал эми ырчы жигиттерден турган 2 топ пейнтбол – көңүл ачуучу экстремалдык оюнун ишке ашырышкан. Ошондой эле жылдыздар чоң көлөмдөгү үйлөнгөн шарларды кийип алып бампербол оюнунда күч сынашкан. Андан соң эки командага бөлүнгөн атактуулар суу оюндары жана тоскоолдук тилкесинде таймашкан. Ал эми соңку ирет жылдыздар калаадагы оюн-зоок клубдарынын биринде кызуу күч сынашып, андан кийинкисинде шаардык муз аянтчасында хоккей ойношкон.
Бул жолу ырчылар Ислам Акматов, Асема Токтобекова, Бегимай Бекбоева, Элиза Орозова, "тамашоучу" Актан Рыскелдиев, алып баруучу Санжар Мыкыев жана SUPER TV`нын алып баруучулары Зияш Турдубеков менен Айжан Нурманбетова таймашты.
Алар эки командага бөлүнгөн соң баллон менен жылгаяк тээп жарышка түштү. Бири-бирине тоскоолдук жаратып, жеңишке жетүү үчүн болгон аракетин жумшаган аларга кийинки оюн да майдай жакты көрүнөт. Тагыраагы, алгачкы оюн жыйынтыкталган соң катышуучулар эки-экиден өйдө көздөй чуркап, биринчилерден болуп дөңгө чыгууга бел байлашты. Бул оюн учурунда жылдыздар кызуу таймашып, биринчиликти тарттырып жибербөө үчүн атаандаштарын түртүп кулатууга да аракет кылып жатышты. Ал эми соңку аркан тартыш оюнунда командалар өз ара ынтымакташып, жеңишти оңой эле алдырып жибербөөнүн жолун издешти.
Оюн учурундагы күтүүсүз жана кызыктуу көз ирмемдерди, кайсы команда жеңишке жетишкендиги тууралуу төмөндөгү видеодон көрө аласыздар.