Бүгүн, 28-январда Мамлекеттик бажы кызматы 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Анда Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков Кыргыз өлкөсүнө Кытай товарларын көмүскө импорттоо фактылары жоктугун айтты.
SUPER.KG порталы "Бажы башчысынын өлкөдө көмүскө импорт жок дегенине ишенүүгө болобу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев жооп берди. Ал көмүскөдөгү импорт чоң өлчөмдө экенин айтат.
"Көмүскөдөгү экономика бар эмей, өтө чоң. Көмүскөдөгү экономиканын суммасы болжол менен 30 миллиард сомду түзөт. Ал эми көмүскөдөгү импорт да чоң өлчөмдө. Мисалы, азыр Казакстандан келген азык-түлүктөрдүн баары эле аткезчилик жол менен ташылып келет. Мүмкүн, бажы аркылуу келген көмүскөдөгү импорт жок болсо керек", - дейт Токтошев.
Депутаттар Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, экономист Кубан Чороевдин пикири төмөнкү шилтемеде.