Бүгүн, 28-январда Мамлекеттик бажы кызматы 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Анда Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков Кыргыз өлкөсүнө Кытай товарларын көмүскө импорттоо фактылары жоктугун айтты.
SUPER.KG порталы "Бажы башчысынын өлкөдө көмүскө импорт жок дегенине ишенүүгө болобу?" деген соболуна коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков жооп берди. Ал бажыдагы мыйзамсыз иштердин артынан көп адам байыганын айтат.
"Албетте, Кытайдан чыккан товарлар бизге берилген маалыматтардан айырмаланып турат. Бул маселе Акаев, Бакиев убагында да болуп келген. Бажыдагы мындай мыйзамсыз иштер айрымдардын байлыгынын булагы болот окшойт. Ошого муну чечкенге эрки жетпей жатат. Айрымдары миллионер, миллиардер болуп кетти. Бул менен күрөшүү өтө кыйын. Бөгөт коюлса ошол жактан байып жаткандардын иши болбой калат да", - деди Кадырбеков.
Депутаттар
Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев, Эмил Токтошев, экономика илимдеринин доктору
Төлөнбек Абдыров, коомдук ишмер
Төлөгөн Келдибаев, экономист
Кубан Чороевдин пикири төмөнкү
шилтемеде.