Бүгүн, 28-январда Мамлекеттик бажы кызматы 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Анда Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков Кыргыз өлкөсүнө Кытай товарларын көмүскө импорттоо фактылары жоктугун айтты.
SUPER.KG порталы "Бажы башчысынын өлкөдө көмүскө импорт жок дегенине ишенүүгө болобу?" деген соболуна коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев жооп берди. Ал миллиондогон акчалар Кыргыз мамлекетинин бюджетине түшпөй, жеке адамдардын чөнтөгүнө түшүп жатканын билдирди.
"Кыргыз мамлекетинин азыркы рыногундагы жүгүртүүдөгү товарлардын импортунун 80 пайызы көмүскө жолдор менен ташылып жатат. Мыйзамдуу, мыйзамсыз жолдор менен ташылып келүүдө. Аткезчилик жолдор менен чек арадан өтүп кетип жатат. Бажы кызматынын башчысынын айткан сөзүнө макул эмесмин. Миллиондогон акчалар Кыргыз мамлекетинин бюджетине түшпөй, жеке адамдардын чөнтөгүнө түшүп жатат. Ошонун негизинде "кошелёк", "миллион" деген коррупциялык аттар коюлган. Бул аттар жөндөн-жөн коюлган эмес. Бажы кызматындагы коррупцияны жойсок, Кыргыз мамлекетинин тышкы карызынан эки жылга жетпей кутулса болот", - дейт Келдибаев.
Депутаттар
Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев, Эмил Токтошев, коомдук ишмер
Ишенбай Кадырбеков, экономика илимдеринин доктору
Төлөнбек Абдыров, экономист
Кубан Чороевдин пикири төмөнкү
шилтемеде.