ЖЫЛНААМА, 29-ЯНВАРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Канат Керезбеков 49 жашка чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Керезбеков 1970-жылдын 29-январында Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал айылында туулган.

1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин, 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин аспирантурасын, 2008-жылы Урал мамлекеттик юридикалык академиясынын докторантурасын бүтүргөн.

Эмгек жолун 1992-жылы “Элдос лтд” илимий-өндүрүштүк фирмасында юрисконсульт болуп иштөө менен баштаган;

1996-2005-жылдары Улуттук илимдер академиясында иштеген;

2005-2017-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору болуп эмгектенген;

2017-жылдын мартында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат болгон.

Учурда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы.

29-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан