Ош облусуна караштуу Араван районундагы Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Жеке-Мисте айылында 3 метрлик жылан табылды. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирип, видеосун жиберди.
"Жергиликтүү эл канал тазалап жатканбыз. Кемпир-Абад суу сактагычынан тазалоо иштерин жүргүзүп жатып, жыландын өлүгүн таап алдык. Анын узундугу 3 метрди түзөт. Билгендердин божомолу боюнча жылан Өзбекстандан суу менен агып келиши мүмкүн. Айрымдары ошол суунун жанындагы мазардын түбүндө да жыландар жашайт дешет", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.