Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун демилгечиси депутаттар Исхак Масалиев, Тазабек Икрамов, Талант Мамытов, Кожобек Рыспаев, Жылдыз Мусабекова.
Мындан тышкары жыйында "Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланат.