Кыргыз өлкөсү коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 180 өлкөнүн ичинен 132-орунду ээледи. "Transparency International" эл аралык уюмунун изилдөөсүнө ылайык, 2018-жылы Кыргыз мамлекети коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 29 балл алып, 2017-жылдагы көрсөткүчтү кайталаган.
Президент Сооронбай Жээнбеков башкы урааны коррупцияга каршы күрөшүү экенин айткан. Жээнбековдун президенттик кызматтагы 1 жылдык ишинде өлкөдө коррупцияга каршы күрөштө жылыш болгон жок. SUPER.KG порталынын "Бийликтин башкы урааны куру убада бойдон кала береби?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.
Ал белгилегендей, азыркы бийлик дагы мурунку бийликтегидей эле коррупцияга каршы күрөштү эң башкы багыты экенин жарыя салып жатат.
"Менин оюмча, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүүнүн башында турганы туура эмес. Анткени УКМКнын эң башкы максаты терроризм, экстремизм менен күрөшүү болуп саналат. Бул органдын табияты боюнча коррупцияга каршы күрөшкө эч кандай тиешеси болушу мүмкүн эмес.
Азыркы учурда өкмөт УКМКдан, прокуратурадан мынча миллион сом акча которулду деп жарыя кылып жатат. Бул акча кайсы негизде алынган? Балким, туура, түз иштеген ишкерлерден мажбурланып акча алынды, кылмыш иштери эмне болду, эмне себептен ал акчалар алынды деген маалымат ачыкталбай жатканы туура эмес, көмүскө ойлорду жаратат. Батукаевди чыгарып жибергенге 15 орган күнөөлүү деп айтылган болчу. Эмне үчүн ошол учурда иштегендердин бирөөсү дагы жоопкерчиликке тартылбайт? Жакында эле мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановго каршы козголгон кылмыш иши токтотулду. Эмне үчүн биздин укук коргоо органдары бул ишти аягына чейин жеткирген жок? Экс-депутат Музаффар Исаков 300 тилке жерди сатып жиберип, шарттуу түрдө гана кесилди, бул дагы көп суроолорду жаратууда. "Бажы кызматында жана салык топтоо органдарында коррупция азайдыбы?" деген суроого жарандар "азайган жок" деп жооп берет. Менин оюмча, коррупцияга каршы күрөштүн башталышы болуп жатат, бирок тыңгылыктуу жыйынтык жок.
Бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча урааны куру убада деп айтуу кыйын. Жээнбековдун президент болгонуна бир эле жыл болду. Убакыт берилиши керек. Балким, анын бизге айтылбаган пландары болуп жаткандыр", - дейт Турдукулов.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Марс Сариевдин пикири төмөнкү шилтемеде.