Кечээ, 29-январда курулуш чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү жоюуга багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, курулуш жана ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.
Ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директорунун орун басары Мирбек Акматалиев аталган мыйзам долбоору мурда кабыл алынып, бирок президенттин каршы пикири менен кайтарылып берилгендигин маалымдады. "Азыр ал эске алынып, мыйзам долбоору кайрадан иштелип чыгуу менен, парламенттин кароосуна киргизилди. Курулушчулар объектилердин долбоордук документацияларын макулдашууда бир катар кыйынчылыктарга учурашат", - деди ал.
Талкууда депутат Тынчтык Конушбаев курулуш тармагы экономиканын локомотиви экенине токтолуп, ата мекендик курулуш тармактарын колдоо зарылдыгын баса белгиледи.
Жыйынга катышып отурган курулуш компанияларынын өкүлдөрү көйгөйлөрдү чечүү үчүн өнөр жай объектилерин этап-этабы менен долбоорлоп куруу зарылдыгын, бирдиктүү терезе ченемин колдоого алышарын баса белгилешти. Ошондой эле объектилерди курууга уруксат документтерин алуу көп убакытты талап кылып келгендиктен мыйзам долбоору иштелип чыккандыгына түшүндүрмө беришти.
Жыйынтыгында парламенттик угуунун катышуучулары тарабынан айтылган сунуш пикирлердин негизинде мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү үчүн сунуштама кабыл алынды. Аталган сунуштама мыйзам долбоору тармактык комитетте каралганда эске алынат.