"2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыз кылуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамына кол коюлду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.
Аталган келишимде эки өлкөнүн жарандары үчүн социалдык камсыздоо жаатында тең укуктарды түзүү каралган.
Келишимдин негизинде өлкөлөрдүн биринде дайындалган пенсиялар адамдарга алардын экинчи өлкөнүн аймагында жашагандыгына карабастан ошол эле өлчөмдө төлөнө тургандыгы каралууда. Пенсияга укугун аныктоо үчүн ар бир тарап анын мыйзамдарына ылайык ээ болгон стажын эсепке ала тургандыгы каралган. Эгерде тараптардын биринин мыйзамдары боюнча ээ болгон камсыздандыруу стажы жетишсиз болсо, анда эки тараптын мамлекеттеринин мыйзамдары боюнча түзүлгөн камсыздандыруу стажын кошуу каралууда.
Келишимге ылайык, ар бир тарап иштегендерге өз мамлекетинин аймагында иштеген мезгил үчүн пенсиянын бөлүгүн төлөп берет.
Келишим менен кесиптик оорулар боюнча төлөмдөр, кош бойлуулук жана төрөт боюнча, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пулдар, сөөк коюуга жөлөк пулдар тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык төлөнө тургандыгы каралууда.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.