Парламентте Панфилов айылында сугат айдоо жерлерге кайрак жердин салыгын төлөгөн учурлар болуп жатканы айтылды

Депутат Бакирдин Субанбеков Панфилов айылында сугат айдоо жерлерге кайрак жердин салыгын төлөгөн учурлар болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Чүй облусунда канча сугат жери бар? Мен муну сурап жатканым Панфилов айыл өкмөтүнөн мага кайрылгандар болду. Алардын айтымында, сугат жерге кайрак жердин салыгын төлөгөндөр болуп жатыптыр", - дейт Субанбеков.

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин өкүлү Чүй облусу боюнча 1 миллион 989 миң 271 гектар жер бар экенин, анын ичинен 266 миң 798 гектар сугат жери экенин айтты.

Депутат жогоруда айткан маселеге көңүл буруп коюу керектигин билдирди.

Жогорку Кеңеште "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына которууга мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Farra16gsin
2019-01-30 11:37:29
Урматтуу суперчилер менинда суроом бар эле жеткирип жооп алып бергилечи сураныч менин 3 гектар сугат жерим бар бчкнын алдында бирок суу барбайт а мен сугат жер катары салык төлөйм
0
admin_superstan
2019-01-30 11:52:40
Farra16gsin, саламатсызбы! Суроо-сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Farra16gsin
2019-01-30 11:38:51
Абдыбеков Фархат Панфилов району
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан