Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңеште кайрак жерлерге бак-дарак тигүүгө уруксат берүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.
Депутат Айтмамат Назаровдун айтымында, алгач мыйзам долбоору сугат айдоо жерлеринин бонитети 40тан төмөн болгон тилкелерине бак-дарак тигүүгө уруксат берүү максатында даярдалган. "Ал эми азыркы бириктирилген долбоордо коңшу жер ээсинин макулдугу менен үлүш жерине бак-дарак тигүүгө уруксат берүү каралууда. Бак-дарактарды кайрак, таштак жерлерге отургузууга басым жасоо сунушталып жатат. Мындан сырткары бул жерлерге болгон салык төлөмү өзгөрүүсүз калууда", - дейт депутат.
Талкууда бак-дарак тигилгенден кийин ал жер трансформацияланып турак жай салынып кетпесин деген кооптонуулар айтылды. Демилгечилердин бири Мирлан Бакиров жана тармактык комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров Жер кодексине ылайык, турак жай салууга трансформацияланып кетпеши так жазылгандыгын белгиледи.
Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.