Ошто жаш келин эки кичинекей кызын ижарага алган батирге таштап коюп, өзү 10 күндөн бери дайынсыз болууда

Ош шаарынын Ѳзгѳн кѳчѳсүндөгү үйлөрдүн бириндеги бир бөлмөлүү батирден кароосуз калган эки кичинекей кыз табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан 30-январда кабарлашты.

Маалым болгондой, кыздардын апасы 10 күн мурун жумушка кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Милициянын берген маалыматына караганда, азырынча келиндин аты-жѳнү белгисиз болууда. Ал эки кичинекей кызы менен Ѳзгѳн кѳчѳсүндөгү үйлөрдүн биринин бир бөлмөсүн ижарага алган. Бир күндѳн соң кыздарын үйгө таштап коюп, эртең менен жумушка кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

"Үй ээсинин айтуусуна караганда, азыркы тапта 10 күндѳн ашуун убакыт ѳттү, кыздардын апасы кайрылып келген эмес. Тилекке каршы, батир ээси ал келиндин дарегин, аты-жѳнүн толук сурап калган эмес. Бул аралыкта балдарга тамак-ашын берип, асырап турган. Кыздардын улуусунун айтымында, өзүнүн аты Мадина, кичүүсүнүн аты Бубина. Ал эми апасынын аты Хаитхон. Кыздардын жашоо-шарты талаптагыдай болбогондугуна байланыштуу алар Ош шаарынын балдар үйүнѳ ѳткѳрүлүп берилди. Учурда балдардын ата-энесин издѳѳ иштери жүргүзүлүүдѳ. Апасы үйдөн чыгып кеткенден кийин 2-3 күн өткөн соң бир ирет телефон аркылуу үй ээсине байланышка чыгып, балдарын карап турууну суранып, жакында бара турганын айткан. Ошондон бери кабары жок экен", - деп кабарлашты милициядан.

Ошто жаш келин эки кичинекей кызын таштап 10 күндөн бери дайынсыз болууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
vikidiki
2019-01-30 13:19:13
Кукук эне же ага бир нерсе болду.
+10
rysik79
2019-01-30 17:40:47
Башка салбасын.
+5
semo
2019-01-30 19:16:27
Эх жашоо деген бирооно зар бирооно кор
+3
Takesha87
2019-01-31 11:13:25
журок сыздайт, жаш наристелер кор болгон заман болдуго...Жашоон менен сенин, нааразымын ушундай жашоонун заманга
+1
juka82
2019-01-31 11:22:04
10кун болсо бир нерсе болгон го апасына
0
Asyl10
2019-01-31 16:32:18
Ииий байкуш наристелер, ата сорой каякта журот экен балдарын жалдыратып, не деген заман болуп жатат озу, энелер балдарын жалгыз багып, ата дегенде жоопкерчилик жок. Ал келинге бир нерсе болгон го, 10 кундон бери дайынсыз болсо.Коншу колондон сураш керек, кандай жашачу,каерде иштечуле,балдарын кандай карачу,кимдер менен мамиле кылчу?Милиция иликтеш керек, соткасынын номери боюнча эле иликтеп,кимдер менен мамиле тузгонун, акыркы жолу ким менен суйлошконун билсе болот го, Аууу менттер тургула
-1
MKW.MYRZAiYM
2019-01-31 22:44:09
Эмнеге балдарды кароо бир гана эненин мойнунда? Ата деген татыксыз кат*ндан айырмасы жок куйоосу каякта журот балдарын карабай.Эшектер, баланы торотконду билгенден кийин жоопкерчиликти мойнуна артпайбы. Апасына бир нерсе болгон го, жон жерден кайсы эне жанынан чыккан балдары жондон жон таштап кетсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан