Ысык-Көл. Айрым шайлоо участкалардан ашыкча бюллетендер табылды

"Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын аймактагы башчысы Мира Абдраимованын маалыматына таянсак, облустагы бардык райондордогу бюллетендердин саны такталды. Анын жүрүшүндө айрым шайлоо чөлкөмдөрдө 40 пайызына чейин бюллетендер менен камсыз болбогону аныкталды. Коалиция бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылгандыктан "Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын аймактагы башчысы айрым шайлоо участкаларында тескерисинче 15дей бюллетен ашып калган учурлар катталганын аныктап, алар кайра кайтарылганын белгиледи. Эске сала кетсек, жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин саны көп болгондуктан бюллетендердин бийиктиги Жети-Өгүз районунда 75 сантиметр, Ак-Суу районунда 55 сантиметрге жеткендигин белгилүү болду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан