Алай районунун Жаңы-Алай айылындагы мектепте көмүрдүн исине ууланган окуучулардын абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досмамбет Жээнбеков SUPER.KG'ге маалымат берди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-январда мектепте окуучуларга сабак өтүлүп жатканда балдар өзүн жаман сезе башташкан. Класстагы 25 баланын 14ү облустук ооруканага жеткирилип, жетөө жаткырылган.
"Дарыгерлер баарын текшерип көрүп абалы жакшы болгондуктан бүгүн саат 9да үйлөрүнө чыгарылды. Азыркы учурга карата ооруканада бала жок. Ал эми мугалимдер ууланган эмес, балдарга сабак өтүп жаткан мугалим алардын абалын көрүп нес абалда болуп, кан басымы көтөрүлүп кеткен. Аны дарыгерлер көзөмөлгө алып, эс алууну, тынчтанууну сунушташкан.
Азыр биздин бөлүмдүн кызматкерлери абал менен таанышып, эмнеден улам ис чыкканын карап жатышат. Мындай иштер алдыда дагы ушундай абал кайталанбашы үчүн жүргүзүлөт", - деди ал.
Айтымында, Жаңы-Алай айылдык мектепте 539 окуучу билим алат. Учурда мектептин жамаатына жана окуучуларга мындай абал жаралганда кандай аракеттерди керүү керектиги тууралуу да түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
"Мектеп негизи кооптуу абалда, буга чейин эле ӨКМнын тыянагы чыккан. 1980-жылы ашар жолу менен курулган. Бул боюнча өкмөткө жылда эле кайрылып келебиз. 2015-жылы жаңы мектептин долбоору түзүлүп, даярдалган. Бирок каражаттын жоктугунан анын курулушу токтоп турат. Жакында эле Жогорку Кеңештин фракциялык жыйынында бул маселе каралып, быйыл курулушу мүмкүн деген жоопту угуп келдик. Акча каражат бөлүнсө эле жаңы мектеп курулат", - дейт Жээнбеков.