Төрөт учурунда мээсине кан куюлуп кетип, учурда мурду менен тамактанып калган Залина Умөталиеваны жакындары үйүндө карап жатышат. Бул тууралуу анын жеңеси Салтанат Аманкулова SUPER.KG'ге кайрылып, анын абалына үй шартында кам көрүү ары коркунучтуу, ары натыйжасыз болуп жатканын айтты.
Буга чейин маалым болгондой, Залина Уметалиева өткөн жылдын ноябрь айында 4-наристесин жарык дүйнөгө алып келген. Ошол төрөт учурунда мээсине кан куюлуп кетип, эсин жоготуп койгон. Бала аман-эсен жарык дүйнөгө келген, бирок Умөталиевага дарыгерлер ишемиялык инсульт деген диагноз коюп, ошол күндөн бери өз алдынча кыймылдай албай калган. Бейтап учурда сүйлөй албайт, тамактануусу мурду аркылуу жүргүзүлөт, муктаждыктан улам кекиртеги да тешилген.
"Учурда Залинанын абалы оор, үйгө келгенден бери биз анын абалынын жакшырышына жардам бере алган жокпуз. Төрт баланын энеси, балдарынын бактысына айыгып кетишин Кудайдан жалбарып тилеп отурабыз. Учурда балдарынын экөө күйөөсүндө, улуу кызын өзүнүн апасы, эң кичүү кызын кайненеси багып, баары чачырап турат. Балдар үчүн өз апасынын мээрими, бар болушу өтө маанилүү. Аны ойлоп биз кол куушуруп тура албай калдык.
Ал ноябрда №5-төрөтканадан көз жарган. Ошол учурда инсульт алып, төрөтканада 34 күн жатты. Андан кийин №2-нейрохирургиялык бөлүмгө которулуп, ал жерден операция жасалып, палатага чыгарылды. Кийин апамдан өзүбүз чыгарып кетип жатабыз деген тил кат алып калышкан. Андан кийин биз кайрадан төрөтканага кайрылдык, бирок кабыл алышкан жок. Андан соң абалы оор болуп турса үйгө кантип алып барабыз деп жеке клиникага алып бардык. Ал жерде күнүнө 2 миң сомдон төлөп жаттык, мындан тышкары дары-дармек, дагы керектүү каражаттарга акча кетип жатты. Акыры алыбыз келбей калганда үйгө чыгарып кетүүгө аргасыз болдук", - дейт Аманкулова.
Ошондой эле ал акыркы күндөрү бейтаптын дене табы 39-40ка чыгып "Тез жардам" кызматын байма-бай чакыргууга аргасыз болуп жатышканын белгиледи.
"Дене табы көтөрүлүп, абалы оорлошкондо чуру-чуу түшүп, коркуп кетебиз. Келген "Тез жардамдын" баары ооруканага албайт дешет. Төрөтүн кабыл алган дарыгерлердин үстүнөн арыз жазганыбыз менен, бул боюнча бизге бир адам басып келе элек. Төрөткө такыр тиешеси жок, жөн гана абалыбызды уккан нейрохирург бар, ал Таш-Төбөдөгү (Воронцовка) Курортология илим изилдөө борборунан келип, кандай кам көрүү керек экенин айтып, жардам берип турат.
Дарыгерлердин арасында ушундай ак жүрөк адамдар да бар, бирок Залина жыгылгандан бери негизинен акча чоң ролду ойной турганын, көпчүлүгү ошого карата иш алып барарына ишенип калдым. Ушундай абалдагы адамды өзүңөр карагыла деп ооруканалардын кабыл албай койгонун такыр түшүнө албайм, биз сыяктуулар көп болуп жаткандыр деген ой келет", - дейт ал.