Парламентте мунапыс берүү жөнүндө маселе талкууланып жатат деп ортодо шылуундар пайда болушу мүмкүн экени айтылды

Парламентте мунапыс берүү жөнүндө маселе талкууланып жатат деп ортодо шылуундар пайда болушу мүмкүн экени айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

"Мунапыс берилет, депутаттар талкуулап жатат деп айтылса ортодо акча жасайбыз деген шылуундар пайда болот. Силерди эркиндикке чыгарабыз деген топтор күчөйт. Жаза аткаруу мекемелери көзөмөлдү күчөтүшү керек.

Мыйзамдын аталышы мага жагып жатат. Мурдагы бийликтин саясий репрессиясына кабыл алынгандарга бул мыйзамдын тиешеси жокпу? Мисалы, айрымдардын көз карашы жакпай калган үчүн жөн эле жерден сырттан бирөөлөрдү жалдап келип арыз жаздырып, аларды каматып койгон учурлар болгон", - дейт Акаев.

Депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоору түзмө-түз саясий процесстерге тиешеси жок экенин айтты.

Акаев саясий репрессияга кабылгандардын тагдырына кайдыгер кароого болбой турганын билдирди. Ал бул тууралуу депутаттар ойлонсо жакшы болмок деген пикирин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kubat77
2019-01-30 13:05:10
Ж акаев туура айтат.ак жеринен камалып туура емес статиялар коюлуп уй булосу бала чакасы кор болгондор канча.
+1
33SUUN
2019-01-30 14:59:20
Дастан дагы эмнени сунуштап жатат? Мунапыс менен чыккандар беш китеп окуп чыксын деп? Кандай китеп,ким жазган китеп айта кетпейби толугураак.Абакта олтуруп ансыз деле ал кучтон,денсоолуктан айрылып бутушот.Ошолор эми мунапыс боюнча чыккандан кийин дагы аз болсо дагы азап тартсын деген ойдо сунуш киргизди.Бул балада элди кыйноого салгандан дагы башка жакшы ойу барбы деги?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан