"Түндүк электр" ишканасы: "Эртең Бишкекте 5 миңден ашык үйдүн жарыгы өчүрүлөт"

"Түндүк электр" ишканасы 31-январда Бишкек шаарындагы 5 миң 200 үйдүн жарыгын дистанциондук түрдө өчүрөт.

Аталган мекеменин маалыматына караганда, борбор калаадагы 5 миң 200 абонент электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөбөй ишканага 17 миллион сом карыз болуп калышкан.

Мындан улам ишкана абоненттерди электр энергияга болгон карызын өз маалында жүргүзүүгө чакырат. Абоненттердин төлөмдөрү "Түндүк электр" ишканасынын маалымат базасына келип түшөрү менен билдирме жиберилип, электр энергиясы берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tular
2019-01-30 18:03:08
5200 адам площадга чыкса айланарды таппай калбайсынарбы?
-1
Dimonbek
2019-01-30 18:13:26
tular,мен толобойм карызымды деп чыгышабы?
+1
Kuttubek8483
2019-01-30 18:36:56
Электр энергия ж.б кызматтардын акысын айдын 10 числосуна чейин толойт турган кылыш керек. Айлык, пенсияны айдын башында алышат да.
+2
Nursbaike
2019-01-30 19:15:05
Ошондо ар бири статистика боюнча 3500 нарак берак болуп бул 1 же 2 айдыкы демек окунучтуу эээээх Бакиев сенин кезинде 200 сом болчу ашып кетсеее (крик души)
0
Bars88
2019-01-30 21:51:52
Рекет болуп алышты го.Кобу квартирант от жагайын десе печка дагы жок болуш керек.Каяка барышат анан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан