Адилет Асанбаев 14 жашта. Ал 2 айга жетпеген убакыттын ичинде ойго келбеген оору менен жабыркап, чуркап ойноп, окуп жүрүп эле төшөккө жатып калган. Жалгыз бой апасы көзгө көрүнүп калган өспүрүмдүн алеки саатта ушундай абалга түшүп калганына нес. Учурда Адилет оорусунан улам ооруканадан башы чыкпай, тулку боюнун жарымы кыймылдабай, мурду менен түтүк аркылуу тамактанып калган учуру. Эмне болуп мындай абалга келип калды? Апасы Зарина Исабековадан уктук.
"2018-жылдын декабрь айынын башында уулум сасык тумоо менен ооруп калды. Үйдөн эле дарылап, "антигриппин" берип жаткырып жаткам. Бирок алсырап, түнү менен тердеп, абалы жакшы болбой койду. Өзүбүз Балыкчыда турабыз. Шаардык ооруканага алып барып анализ тапшырттым. Дарыгер анын жыйынтыгына карап, гемоглобиндин көрсөткүчү 73кө түшүп кеткенин айтып, тез гемотологияга жөнөттү. Ошентип Бишкекке келдик. Кан тапшыруунун жыйынтыгы менен, тилекке каршы, онкологиялык маселенин бар экенин айтышты. Онкологиялык борбордон уулума "лейкоз" деп диагноз коюшту. Антибиотиктерди сайышты, андан кийин эле химиотерапия башталды.
Химиялык дарылануудан кийин Адилеттин мурдунан кан кетип, токтобой баштаганда жандандыруу бөлүмүнө которушту. Ал жактан дагы анализ тапшырдык. Кечинде анализдери жакшы эле экен деп жөнөкөй палатага которгондон кийин эле, балам башкача боло баштады. Бир жак капталы иштебей, чулдурап сүйлөп калды. Дарыгерге айтсам, химиотерапия алгандан кийин ушундай болуп калат деп койду.
Эртеси санаам тынбай башкы дарыгерге кирдим. Ал баламдын абалын көрүп эле ооруканадагы керектүү адистердин баарын чакыра баштады. Бардык текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин башын рентгенге тарттырып келгиле деп жиберди. Жыйынтыгында башына суу толуп кеткени белгилүү болду.
Балама операция жасалмакчы болуп, Жалдагы ооруканага которулдук. Бактыга жараша, ал ийгиликтүү өттү. Ооруканадан чыгар күн келгенде кайрадан текшерүүдөн өткөрүштү. Рентгенге тарттырсак, башынын сол жагында дагы бир нерсе пайда болуптур деп онкологияга кайра жөнөтүштү. Эми химиялык дарылануулардан өтүп жаткан учурубуз. Жүлүндөн кан алып, Индияга анализге жиберсек, кандагы дартты аныктай албай жатабыз дешип, Америкага жөнөтүшүптүр. Жооп күтүп жатабыз. Учурда баламдын денесинин дээрлик жарымы иштебейт. Тамакты чайнап жута албайт, сүйлөй албай да калган. Мурдунан ашказанга кирген түтүк аркылуу эптеп тамактанат.
Азырынча уулумду чет өлкөдөн дарылатууга канча каражат кетерин айтыша элек. Бирок Индияга анализ тапшыруу үчүн 350 доллар кетти. Америкага кеткен анализ үчүн канча сурары белгисиз. Өзүм жалгыз боймун, жолдошум мындан 7 жыл мурун оорудан улам каза болгон. Ошол себептен элден жардам суроого аргасызмын", - дейт жалгыз бой эне.
Зарина Исабекова 37 жашта, анын ата-энеси да каза болуп калган. Адилеттен кичүү дагы бир 3-класста окуган уулу бар. Аны карап бериңиз деп улгайган кайненесине таштап, өзү улуу баласын ооруканадан ооруканага жетелеп жүргөн учуру. Исабекова аргасыздан элге кайрылып жатканын айтып, уулун дарттан сактап кала турган кайрымдуу адамдардан жардам сурайт.
Зарина Исабекованын "Элсом" капчыгынын номери: 0774 16 56 73.