ЭЛДИК КАБАР: "Ошто жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкер өзү эреже бузганын айтсам, мени сөгүп аброюма шек келтирди" дейт окурман

"Ош шаарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери унаасын тыюу салынган жерге токтотуп алыптыр. Ага бул жоругу тууралуу айтсам, кайра мени сөгүп салды". Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Унаа токтотууга уруксат жок жерге унаасын токтотуп коюп, телефон оңдогон жерге кирип кетти. Айдоочу формачан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу инспектор экен. Чыккандан кийин "унаа токтотууга уруксат жок жерге коюп койдуңуз, бул мыйзам бузуу" деп эскерттим. Ал мени оозго алгыс сөздөр менен орусча-кыргызчалап сөгүп алып кетип калды. Укук коргоо кызматкерлери ушинтип укугубузду бузуп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу органдар минтип өздөрү эреже бузган, мыйзам иштебеген өлкөдө жашап жатабыз", - дейт окурман.

Чындыгында, сүрөттө көрүнүп тургандай, инспектор унаа токтотууга мүмкүн эмес экенин белгилеген жол белги турса да унаасын токтотуп койгон.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Tolkun555
2019-01-30 14:59:36
Молодец автор.милициялар кудайдан жана элден коркуп иштеш керек.туура кыласын.штрафыны токсун мамлекетке
+8
Beka9393
2019-01-30 15:03:24
Эртең эле ЖКЭни бузуп колуна түшөсүңда ошол инспектордун анан акалап турасың ошол жерде.
Бир чети ошону ойлонуп бети менен номурун жаптыңда.
-8
tular
2019-01-30 16:29:57
Beka9393, балким автор машина айдабайт!
-3
Edil2991
2019-01-30 15:14:13
Бети менен номерин суротту жиберген кабарчы жапкан жок,сонку кабарга чыгарган Гулжан Асанкожоева жапты деп ойлойм.
+11
admin_superstan
2019-01-30 15:58:20
Beka9393, коомдук адепке туура келбеген билдирүү жазууга тыюу салынган. БАН!
0
tachkomur
2019-01-30 17:07:40
Иш козгосун ошондо онолот ансыз булар билбейт
+1
munar1980
2019-01-30 17:20:57
Неге бетин номерин жабасынар жаппагыла эгерде карпайым адам болгондо кайра кайра коргозмоксунар корушсун элдер ким мыйзам бузганын
+2
amirrus
2019-01-30 17:29:27
бул гор.гаиде иштеген акасина ишенген копкон инспектор муну иштен алып жазалаш керек.Уже шиши толду чара корунуз Шайырбек ака
+4
Flowhive
2019-01-30 17:42:34
Мындай окуя менде да болгон.
0
semo
2019-01-30 19:10:16
Еми чара колдонуш керек закон баарына бирдей жообун кутобуз
+2
Chungyz
2019-01-30 23:24:58
ГАИ болсо да штраф токсун
+1
Chungyz
2019-01-30 23:27:05
Кудай корсотсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан