ЖАМК: "Бишкек жана Оштогу түрмөлөрдү шаардын чет жагына которуу маселеси каралып жатат"

Бишкек жана Оштогу түрмөлөрдү шаардын чет жагына которуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Жоробек Дүйшенбиев билдирди.

Анын айтымында, убагында түрмөлөр шаардын чет жагында болгон, учурда бул боюнча иш жүрүп жатат.

Бул маселе боюнча депутат Таалайбек Масабиров кат түрүндө жооп берүүнү суранды.

Жыйында "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан