Токмоктогу атышууда жаракат алгандардын дагы бири ооруканага жатты. Жактоочусу "ал өз көрсөтмөсүндө чырга Жогорку Кеңештин депутатынын катышы бар экенин айтты" дейт

Токмоктогу атышууда жаракат алган Аскат Усенов дагы ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 30-январда жактоочусу Алтын Бекмуратова кабарлады. Анын айтымында, Усенов 29-январда Чүй облустук милицияга барып көрсөтмө берген.

"Усенов милицияга барып өз көрсөтмөсүн берди. Ага мен дагы катыштым. Усенов көрсөтмөсүндө чырга Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаевдин катышы бар экенин айтып берди. Урматбек Самаев чырга катышкан Дастан Бейшенкуловдун тууганы болуп жатат. Бирок милиция кызматкерлери жарым сааттын аралыгында Токмок РИИБинен документ даярдай калып облустук милицияга алып келишти. Эми милиция күнөөнү Усеновго оодаруу аракетин көрүп жатат. Себеби аны уюшкан кылмыштуу топко мүчө деп санап жатышат. Кечээ камакка алуу керектигин айтышканда мен анын башы, буту жана далысы желим октон жаракат алганын айтып ооруканага жаткыруу өтүнүчүн келтиргем. Азыр Бишкектеги №4-ооруканада жатат. Аны милиция кызматкерлери кайтарууда", - деди Бекмуратова.

25-январь күнү Токмоктогу көзөмөл-өткөрүү жайына жакын жерде Дастан Бейшенкулов, Токмок шаардык кеңештин депутаты Кубан Кочкорбаев менен Бахтияр жана Аскат Усенов аттуу жарандардын ортосунда чыр чыккан. Милициянын маалыматына караганда, чыр товарларды жана күйүүчү майларды чек арадан мыйзамсыз өткөрүү учурунда акча маселесинен улам чыккан. Атышуудан Аскат жана Дастан аттуу эки адам жаракат алып, Дастан ооруканага жаткан.

Аталган окуяга Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаевдин дагы тиешеси бар экени айтылып, ал суракка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sahka
2019-01-30 13:31:29
Тан калам. Бажы кызматынын башы бизде аткезчилик жок деп.Матраимовду жумушка алабыз деп. Аткезчилер атышканга чейин барып жатса,
+5
Bars88
2019-01-30 14:25:55
Депутат бар да.Ошо учун атышуу болгон эмес деп канча танышты
+5
Snejana
2019-01-30 20:46:20
Bars88,ооба. Атышуу болгон деген маалыматты жокко чыгарды"-деп окугамын. Кыргыздар онолбой калдык. Чыныгы коррупция бул жакта экен. Эмнеге карашпайт.
+1
Nursbaike
2019-01-30 14:38:17
Куноолуулор жазалансын . Кылмышты жашырган же актаганга аракет кылган ар бир милиция кызматкери жазалансын.
+3
Alia82
2019-01-30 16:30:03
Коррупция мн курошуп аткан Жээнбеков унуп атты бекен ушуларды
+5
gulmira96
2019-01-31 03:25:20
Бул ХХХХХ деле озу баш болуп коррупцияга малынып, ичип жеп тойгондон кийин ХХХХХ окшоп четке чыга бергени калды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан