Орусияда жакындары изделип жаткан Гүлнура Абдылдаеванын апасы: "Кызым менен жолугуштум, бирок мени менен кетпейм деп койду"

Буга чейин Орусияда эс-тутумун жоготуп, реабилитациялык борбордо жаткан Гүлнура Абдылдаеванын жакындары изделип жатканын, көп убакыт өтпөй апасы Айна Сактарова табылганын жазганбыз.

Айна Сактарова 26-январь күнү реабилитациялык борборго барып кызы менен жолугушуп келгенин SUPER.KG'ге кабарлады. Бирок Сактарова кызы аны менен кетүүдөн баш тартып койгонун айтты.

"Кантип жатты экен деп абалын билүүгө баргам. Кызым өзүн таштап коюптур. Ал ар дайым кыймылда болуп турса балдак менен баспайт эле. Андан сырткары улам "башым ооруп жатат" деп башын кармап жатты. Чынында менин жанымда жүргөндө эле баш мээсинде шишик бар болгондуктан ар 6 айда ооруканага жаткырып, дарыланууга алып барып турчумун. Бирок шишиги чоң эмес болчу, азыр дарыланбай коюп шишик чоңоюп жатыптыр. Өзүм менен алып кетейин десем "кетпейм" деп койду. Реабилитациялык борбор менен сүйлөшсөм жазга чейин жатып турсун дешти. Ансыз деле алып кетүүгө өзүмдө шарт жок болуп жаткандыктан макул болдум. Кечээ кызым унаа сүзүп кеткенден кийин жатып чыккан оорукана менен сүйлөшүп келдим. Шишигин алдыруу үчүн 500 миң рубль керек экенин айтышты. Израилде шишикти алдырууга 50 миң доллар керек экен. Менде андай акча жок болуп жатат", - деди Сактарова.

23-январда Кубан Абылкасымов аттуу Кыргыз жараны 37 жаштагы Абдылдаеванын сүрөтүн интернетке жарыялап, жакындарын табууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бир күн убакыт өтпөй Абылкасымовдун дарегине Абдылдаеваны аны таанып-билгендер тарабынан маалыматтар келип баштаган.

Күндүн ТОП-5 кабары: Эс тутумун жоготкон келиндин апасы табылды, Мискенбаев кайда?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
barakcha
2019-01-30 15:40:38
Энеси жакшы болсо кызы кетпейм дебейт эле...(((
+5
gulmira12345
2019-01-30 15:47:17
Ал больная же кетпейм дей берет алып кетип караш керек кетпейм десе эле таштап койдунузбу энедей болуп эч ким карабайт оорулуну
+4
Angel92
2019-01-30 16:19:58
Эл 50мин $чогултуп бергенде деле,бул эне даарылатчуу туру жок
+6
Mamiev
2019-01-30 16:40:26
Көңүл кош эле сүйлөп коюптур го. Негизи өзүнүн кызына деген мээрими жоктой сезилди
+5
Nevestkaa
2019-01-30 18:02:00
Ким билсин жагдай кандайын,алып келгенде деле каражаты жок кантет.Колунан келгендер акча чогултуп берсе операциясын Россияда жасаса деле болот экен го.
+2
Nursbaike
2019-01-31 09:35:13
Эми чон эле кыз экен кайра апасын жаман коросунорда озунорчо боорукерсинер Тим эле. Чонойтту остурду дене жаны соо кийинтти ичтирди Эми апасын караштын ордуна сыйлап жук болуп журот .
-1
Modric10
2019-01-31 14:17:24
Ал кыз бир жерге ишке кирип алган да .ал ишти таштагысы келбейт. Ошого келгиси жок
0
Nargiza1987k
2019-01-31 20:59:53
Мага кызынын шылтоосу менен акча чогултчудай сезилип жатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан