"Байкоочу кеңештин мүчөсүн шайлоодо башкача жыйынтык чыкса реакцияңыз кандай болот?" деп бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев КТРКнын Байкоочу кеңешине талапкер Чынар Капаровадан сурады.
Капарова: "Бардыгына даярмын. Байкоочу кеңештин төрагасы сүрөп жаткан талапкер өтөт экен деген маалыматтар чыккандан кийин көңүлүм бузулду. Жогорку Кеңештин жарым депутаттары менен иштешип койгон талапкер өтөт экен деп айтылды. Өз каалоом менен талапкерлигимди алып салсамбы деген ой келди. Бирок "жыгылган күрөшкө тойбойт" дегендей, чоң үмүт менен отурам. Байкоочу кеңештин төрагасынын айланма адамына айланбайм деп өзүмө ишенип жатам", - деди Капарова.
Учурда Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралууда.
Депутаттар түшкө чейин талапкерлерге жашыруун добуш беришип, эң көп добушту талапкер Чынар Капарова алды. Айрым эл өкүлдөрү жыйынга келбеген талапкерге добуш берилбей калганын айтышып, чечим жокко чыгарылды. Кайрадан добуш берүү маселеси каралып жатат.