Чынар Капарова: "Депутаттардан калыстыкты күткөм. Жогорку Кеңеш деген статусту бузуп, булгаганына өкүнөм"

"Жогорку Кеңештин депутаттарынан калыстыкты күткөм. Биздин депутаттарга өкүнүү менен карайм", - деди КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер болгон Чынар Капарова.

Капарова анын түшкө чейинки шайлоодон эң көп добуш алганы чоң маселе жаратканын айтты. "Мен көп добуш алганда көп киши дем албай, регламентти бузганын коомчулук өзү көрүп турду. Биринчи добуш берилгенде өткөм, бирок ар кандай оюндар болуп кетти. Байкоочу кеңештин төрагасына, КТРКнын жетекчилигине жакпай турган кишини өткөрбөө оюну жүрүп кетти. Биздин депутаттарга өкүнүү менен карайм. Жогорку Кеңеш деген статусту бузуп, булгаганына өкүнөм.

Мен эртең менен келатканда социалдык түйүндөрдө Атыркүл Сарыбаева өтөт деген маалыматтар жазылган. Бирок мен депутаттардан калыстыкты күткөм. Көрсө бул жерде сүйлөшүү, кайсы бир адамдын кызыкчылыгындагы кишини шайлап коюу деген оюндары жүрүп жатканы белгилүү болуп калды", - дейт Капарова.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселени карашкан депутаттар түшкө чейин талапкерлерге жашыруун добуш беришип, эң көп добушту талапкер Чынар Капарова алган. Айрым эл өкүлдөрү жыйынга келбеген талапкерге добуш берилбей калганын айтышып, чечим жокко чыгарылган. Кайрадан добуш берилип, экинчи добуш берүүнүн жыйынтыгында Атыркүл Сарыбаева КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына мүчө болуп шайланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Nursbaike
2019-01-30 19:19:32
Эх кичине уялып озунор эле тарап кеткилечи парлаааамееент иш билген кишилер иштесинчи сураныч элди ойлогон мыйзамды эптеп жаза албайсынар кантип олтурасынар соз коп ээ Кудай озун жардам бер кыргыз элине
+11
volk27
2019-01-30 19:39:06
Жогорку Кеңеш статусун булгап койгонуна көп эле убакыт болду элдин баары билет сиз эми билгениниз өкүнүчтүү
+11
Jelezo
2019-01-30 20:01:06
Мадумаров биржа десе чычалашат мен айтмакмын базардагы далдалчылар деп, Тынар менен Абдылага сценарий даярдаган биржачылар.Кытайдын футбол боюнча судясы Фууулар
+13
semo
2019-01-30 21:49:54
Уят депутаттар кудай жазанарды берсин
+6
Chungyz
2019-01-31 00:12:05
Эми шайлоодо уушул отурган депуттарды шайлабаш керек
+9
didu
2019-01-31 08:05:39
жакшырак соодалашпапсында кичине конверт уюштура койгонунда отмоксун
+3
Erik2018
2019-01-31 09:30:22
Чынара Капарованы шайлабаса эле депутаттарга сын таккан туура эмес деп ойлойм. Алар дагы ойлонуп татыктуу талапкерге добушун берди деп ойлойм.
-8
bahabaike
2019-01-31 09:56:28
Ж.Акаев да ушуну айтты.
+3
elchi84
2019-01-31 10:28:25
Депутаттардын озу бизге кереги деле жок экен пайдасынан зыяны коп ..
+12
yars2017
2019-01-31 11:14:53
Парламент деген бул мал базар да ким акчаны кобуроок берсе ошонун айтканы болот менимче ушул мал базардын базаркому айткан айым шайланды го
+3
asad345
2019-01-31 11:15:25
капарова байкоочу кенешке өтпөсө Жогорку Кенеш калыстыктан тайган болобу...?
-4
Takesha87
2019-01-31 11:16:52
"Кыргызстан - страна чудес" деген кепти билбейсинерго? Бизде койчуну деле министр кылып койсо тан калбагыла! Биздин мамлекетти жалан ган бизнесмен, спортсмен, ОПГ башкарып калган.
+1
Erik2018
2019-01-31 13:38:03
Чынара Капарова Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнө өтсө эле КТРКнын тагдыры чечилип калмак беле. Ал болгону диктор. Керек болсо андан артык журналист болуп, КТРКга салым кошкон журналисттер толтура. Алардын атын атай берсе саны көп.
+3
Bektur2011
2019-01-31 13:47:56
Чинка эмне эле чыйпылыктайсын жазып берген даяр суфлерду окуй албай ХХХ болдун эле эми болсо бул жакта хит болойун дейсинби
+2
Firdaus-Muslim
2019-01-31 18:34:47
Мына сага! бул депутаттарга жогору жактан буйрук келгенго дейм.
Биздин депутаттар өздөрүнүн баштары менен жүрбөй калышыптыр да.
Баары базардан келип депутат болгон десең чычалашат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан