2018-жылдын 12 айында республикалык бюджеттин чыгашасы 141 миллиард 939,5 миллион сомду түздү

2018-жылдын январь-декабрь айларында республикалык бюджеттин чыгашасы 141 миллиард 939,5 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда социалдык чөйрөгө кеткен чыгымдар 71,2 миллиард сом болгон. Бул жалпы чыгашанын 50,2 пайызын камтыйт. Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга 36,1 миллиард сом кеткен (25,4 пайыз).

Экономикалык маселелерге 13,8 миллиард сом (9,7 пайыз); Турак жай жана коммуналдык тейлөөлөр 1,6 миллиард сом (1,2 пайыз); Айлана-чөйрөнү коргоо 903,7 миллион сомду (0,6 пайыз) түзөт.

Кассалык чыгым кассалык планга салыштырмалуу 99,2 пайызга аткарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
senchi
2019-01-31 08:30:48
Кирешесичи
0
SHAHDAR
2019-01-31 08:52:20
Олду дегенде 40 миллиарды жеке капчыктарга кетти да.
Кичинекей мам.кызматкеринен баштап чон даражадагы чиновниктерге чейин баары уурдашат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан