Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер каралууда. Анда "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Сагындык Келдибаев милиция кызматкерлери катышкан кылмыш-кырсыктар көп катталып жатканын айтты.
Ал милиция кызматкерлери элди коргобой эле, кордоп жатканын билдирди.
"Акыркы учурда өлүм менен аяктаган милиция кызматкерлери катышкан эки жол кырсыгы катталды. Милиция кызматкерлери зордуктоого катышып жатат. Алар кыздарды кордоп, акча талап кылган фактылар катталууда. Социалдык тармактарда "милиция кызматкерлери элди коргойбу же кордойбу?" деген пикирлер жазылып, кызуу талкуулар болуп жатканын көрдүк. Ушуну бир көзөмөлгө албаса, милиция кызматкерлерине эч ким ишенбей калды", - деди эл өкүлү.