ЭЛДИК КАБАР: "Каракол шаары боюнча бир да кинотеатр жок. Суук клубдарда кино көрөбүз"

Эскилиги жеткен Ысык-Көл кинотеатры.Ысы-Көл облусунун Каракол шаарында бир дагы кинотеатр жок. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Азыр кыргыз киносу аздыр-көптүр өнүгүп, кыргызча тасмалардын саны кыйла көбөйүп калды. Жаштар өздөрү тарткан тасмаларын Бишкектен башка аймактарды да кыдырып, коюп кетип жатышат. Каракол шаары боюнча бир дагы кинотеатр жок болгондуктан, киночулар суук клубдарда эптеп коюшат. Ал кинону көргөнү келген эл да үшүп, кино көргөндөн ырахат албай эле кетишет. Мындан бир нече жыл мурда бир кинотеатр ачылып, кайра эмнегедир акталбай калдыбы, жабылып калган. Биз, жаштар шарттары бар кинотеатрга баргыбыз келет. Калктын маданиятын өнүктүрмөйүнчө келечек өнүкпөйт.

Эски Ысык-Көл кинотеатры бар болчу. Ал учурда жарактан чыгып иштебей турат. Аймактарды өнүктүрүү үчүн ушундай маданий, социалдык мекеме, имараттарды куруу зарыл деп эсептейм", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sessa
2019-01-31 11:55:33
туура
+1
Edil2991
2019-01-31 14:01:10
Андан башка маселе жокпу же эптеп театр салдырымыш болуп озун прораб же башка боло калып акча жасап калайын деп жатасынбы?
Кичине куто турсан интернетке чыгат кино.
-3
Babochkam
2019-02-01 14:50:49
Edil2991,кинону Интернет менен кинотеатрдан коргондун айырмасы бар да!
0
Alinur96kg
2019-01-31 17:18:26
аймактарды онуктуруу жылы деп былтыр аябай эле «онуктурду « го. Дагы кантип онуктурсун?
+2
Kroxa
2019-02-01 00:10:13
Туура Шаардын борбордук кочолорундо эски ажатканага айланган имарат турганы кейиштуу туристер Мечитке келишет эски имаратты тан калып карап отушот негизи иштетип койсо болмок козго басаар Ысык Кол кинотеатрын...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан