Опера жана балет театрынын башкы директору болуп Керим Турапов дайындалды

Кечээ, 30-январда Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган.

Бүгүн, 31-январь күнү Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Болот Осмоновду кызмат ордунан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.

Ал эми Опера жана балет театрынын башкы директору болуп Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын мурунку директору Керим Турапов дайындалды.

Эске салсак, 19-январь күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Dota 2 компьютердик оюну боюнча турнир өткөн. Компьютердик оюндун маданий жайда өткөнүнө көпчүлүк эл нааразы болуп, сын айтып чыгышкан.
Буга байланыштуу министр атайын комиссия түзүп, анда Опера жана балет театрынын жетекчисинин жоопкерчилиги карала турганын айткан.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ali-han
2019-01-31 12:26:20
Апам жапкан нанды саагынам!!!
+5
Nur777
2019-01-31 21:17:05
Эскертуу берип укпаса кетирсенер болмок!Ал театр эптеп жокчулуктун кунун коруп жашап жатышкан,ошол себептен Билайн сунуштаган акчадан баш тарта алышпай турнир откозушту да..
+1
ALSU2010
2019-01-31 22:07:35
Дагыделе эски лер Келип отурушат,жащтарга орун Берсе болбойбу????дагыделе тойбой Эле жатышабы??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан