Президент Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиев менен өкмөттүн аппарат жетекчиси Шамильбек Асымбековдун кызматтан кетүү боюнча арызын канааттандырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.
"Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, бүгүн, 21-майда Бакыт Шаршембиев менен Шамильбек Асымбековдун отставкасы кабыл алынды жана ээлеген кызматтарынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Шаршембиев жана Асымбеков кызматынан кетүү боюнча арыз жазышканы белгилүү болгон. Ал эми өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетовдун отставкасы кабыл алынганы же алынбаганы азырынча белгисиз.