Улуттук Гвардия менен Кургактагы аскерлердин командачылары дайындалды

Куралдуу күчтөрдүн Улуттук Гвардиясынын жана Кургактагы аскерлеринин командачылары дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан бүгүн, 19-январда маалымдашты.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун кол койгон буйругуна ылайык, Нурлан Кирешеев Куралдуу күчтөрдүн Кургактагы аскерлеринин командачысы кызматынан бошотулуп, ордуна Алмазбек Карасартов дайындалды.

Президенттин дагы бир буйругунун негизинде Талантбек Эргешов Куралдуу күчтөрдүн Улуттук Гвардиясынын командачысы болуп дайындалды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан