Бүгүн, 31-январь - Зергерлердин эл аралык күнү. Бул күнү бүткүл дүйнө боюнча колунан көөрү төгүлгөн зергерлердин кесиптик майрамы белгиленет. Зергерлик көп кылымдан бери келе жаткан кесип болуп эсептелет. Себеби ар убакта адамдар кооз кийинип, жаркыраган кооздуктарды жактырып келген.