Ошто ижарага алынган батирде кароосуз калган эки кичинекей кыздын апасы дале табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 31-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, милиция тарабынан издөө иштери улантылууда.
"Кыздардын апасы табыла элек. Мүмкүн жакындары байланышып калабы десек, эч ким байланыша элек. Азыр милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп жатат. Кыздардын апасы сөзсүз табылат", - деди Сыдыков.
Ош ШИИБи 30-январь күнү шаардагы Ѳзгѳн кѳчѳсүндө жайгашкан үйлөрдүн бириндеги бир бөлмөлүү батирден кароосуз калган эки кичинекей кыз табылганын кабарлап, апасын издөөгө киришкен. Маалым болгондой, кыздардын апасы 10 күн мурун жумушка кеткен бойдон кайтып келген эмес. Азырынча кыздардын апасынын аты-жѳнү белгисиз болууда. Кыздардын улуусунун айтымында, өзүнүн аты Мадина, кичүүсүнүн аты Бубина. Ал эми апасынын аты Хаитхон.
Сүрөттөгү кыздардын апасын таанып билгендер болсо, Ош шаардык милициянын 03222 2 10 06 телефон номуруна же 102ге чалып кабарлап койсоңуздар болот.