2018-жылы милиция кызматкерлерине байланыштуу кызматтык тартипти жана мыйзам бузганы үчүн 5 миң 811 кызматкер жоопко тартылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
"2018-жылы милиция кызматкерлерине карата 67 кылмыш иши козголуп, 87 милиция кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылып камалган. 2018-жылы жалпысынан мыйзамдуулукту жана тартипти бузган 5 миң 811 кызматкер аныкталып, жаза алышкан. Алардын ичинен 155 кызматкер Ички иштер органдарынан айдалып, ээлеген кызматынан 263 кызматкер бошотулган", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми 2019-жылдын башынан тарта милиция кызматкерлерине байланыштуу 10го жакын мыйзам бузуулар катталган.
21-январга караган түнү 7-апрель жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Октябрь РИИБинин аймактык тескөөчүсү мас абалда унаа башкарып бара жатып 34 жаштагы аялды сүзүп кеткен.
29-январда Чүй ОИИББинин күзөт-кайгуул кызматында ага сержант Фрунзе менен Школьный көчөлөрүнүн кесилишинде 11 жаштагы окуучу баланы унаа менен сүзүп кеткен.
27-январда Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүндөгү милициянын старшинасынын жардамчысы 28 жаштагы келинди зордуктаган деп шектелген.