Мамэкотехиспекциянын жетекчисинин орун басарлыгына Шайлообек Нарбеков дайындалды. Ага Каржы полициясында иштеп турганда кылмыш иши козголгон

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкы директорунун орун басары болуп Шайлообек Нарбеков дайындалды. Мындай буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун аталган мекеменин маалымат кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, буга чейин инспекциянын жетекчисинин 2 орун басары болгон, бул жылы анда штат кеңейтилип 3-орун басарлыгына Нарбеков дайындалган. Инспекцияда Расул Артыкбаев экологиялык коопсуздук боюнча директордун орун басары болсо, Болот Жусуев жетекчинин техникалык коопсуздук боюнча орун басары.

"Эми инспекцияда систем бир аз өзгөрдү. Анткени биздин текшерүү милдеттемелер көбөйгөн. Жалпысынан 15 тармакты текшерүүгө алабыз. Ошол тармактарды көзөмөлдөө орун басарларга жүктөлөт. Анын ичинен Нарбековго метрологиялык коопсуздукту, суудагы транспорттордун коопсуздугун, атом жана радиация коопсуздугун, мындын тышкары эмгек жана эмгек мамилелери багытындагы коопсуздуктарды көзөмөлдөө милдеттери артылды", - дейт маалымат катчы.

Буга чейин маалым болгондой, Шайлообек Нарбековго 2013-жылы Каржы полициясынын коопсуздук кызматын жетектеп турган мезгилде Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда анын кайрадан жетекчилик кызматка дайындалышы талкууга алынып, түрдүү кептер айтылууда.

Инспекциянын басма сөз катчысы Нарбеков өзүнүн мурда соттолгондугу тууралуу маалыматты четке кагып жатканын белгиледи.

"Анын айтымында, бул окуя 2013-жылы Каржы полициясынын коопсуздук кызматын жетектеп турган мезгилде орун алган. Кылмыш иши козголгону менен, Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку Соттун чечими аркылуу акталган. Ошондой эле ага мамлекет тараптан тийиштүү компенсация төлөнүп берилген. Мындан соң Шайлообек Нарбеков аталган кызматка кайтып келип, 1 жылдан ашуун коопсуздук кызматынын башчысы болуп иштеп, жаш курагы жеткендигине байланыштуу башка кызматка которулуп кеткен.

Шайлообек Нарбеков анын адамдык абийирине шек келтиргендерди сотко берүүгө даяр экендигин билдирет", - дейт маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
guard
2019-01-31 15:42:55
Бу окмотун эмне болуп калган,мурда кылмыш кылгандарды эле кайра-кайра кызматка коюп,Кыргызстанда буларга окшогондордон башкасы калбай калыптырбы,тазараактарынан...
+1
Jelezo
2019-01-31 23:49:21
Маалымат катчы аял киши эмес беле соттошуп журуп ордун алган кайра кетирип салыштыбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан