Судьялар кандай учурда жоопко тартылат? Тартип комиссиясы жооп берди

Бүгүн, 31-январда Тартип комиссиясынын ишине байланыштуу жыйын өтүп, журналисттер тарабынан бир катар суроолор берилди. Аталган мекеменин төрайымынын орун басары Чынара Мусабекова судьялар кандай учурларда жоопко тартыла турганын тизмектеп берди.

Анын айтымында, судья тартип бузганы үчүн "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөгү" конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык, судья өз милдетин аткарууда же болбосо кызматтан тышкары иштердеги айыптуу аракети үчүн жоопкерчиликке тартылат.

Алар:

1. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту ачык жана одоно бузганда;

2. Судьянын Абийир кодексин одоно бузганда;

3. Кеңешчү бөлмөнүн сырларын же иш жабык каралып жатканда судьяга белгилүү болгон сырларды ачыкка чыгарганда;

4. Сот адилеттүүлүгүн жүргүзүүдө анын ишине кийлигишүүлөрдүн айрым түрлөрү, ошондой эле мыйзамда каралбаган ар кандай кийлигишүүлөр тууралуу Судьялар кеңешине маалымдабай койгондо;

5. Өз мүлкүн, киреше жана чыгашаларын декларацияга көрсөтпөгөндө, билип туруп жалган маалыматтарды чагылдырганда;

6. Сот ишинде терс кесепеттерге алып келген эмгек тартибинин эрежелерин одоно бузганда;

7. "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 5-1-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө судьяларга коюлган башка талаптарды одоно бузганда чара көрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан