Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшере баштады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшере баштады. Маалыматты SUPER.KG порталына аталган кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискур тастыктады.

"Матраимовдун мүлкүн текшерүү бүгүн, 31-январь күнү башталды. Текшерүү президент Сооронбай Жээнбековдун айткан маалыматтары боюнча жүрүп жатат.

Ошондой эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматында Райымбек Матраимовдун тууганы Исламбек Матраимов иштейт. Бирок анын кызмат ээлегени текшерүүгө эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Анткени Исламбек Матраимов мамлекеттик кызматтагы ички текшерүүлөр боюнча иш алып барат", - деп айтты Пискур.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Матраимовдун иниси Исламбек Матраимов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ички коопсуздук жана текшерүү башкармалыгынын башчысы кызматын аркалайт.

19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынында Матраимовдун мүлкү текшериле турганын айткан.

"Райым миллион" каймана аты менен белгилүү болгон Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары болуп турган. 2017-жылдын 23-ноябрында ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков Матраимовду "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен кызматынан алган. 2018-жылы 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Сапар Исаковду сотко берген. Райымбек Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган эле.

Өткөн жылдын 25-июлунда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарып, 28-декабрда Бишкек шаардык соту ал чечимди күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Bektur2011
2019-01-31 15:39:55
аа баракелде балыкты башынан кармаганы жакшы уурдаганы чын болсо камаш керек мыйзамсыз байыгандарды
+8
Mamiev
2019-01-31 15:45:11
Текшерет да баары жайында деп чыгат да. Раим миллионду өз ишине койгон президент текшерип бир нерсе кылмак беле калп эле элди алдоо да
+13
guard
2019-01-31 15:55:17
Эми миллиарддарды жегенди билген бул адам,аларды кантип бекем катып алышты билбей калмак беле,кулку келерлик,эми бул адам баарын кутуп,ар кандай нерсеге даяр болуп жургон адам да,балким текшеруудон кийин эч нерсеси жок бир байкуш болуп чыгаар,сотто женип чыккандай эле. Буга артын тазалоо керек болгон го,калп эле,себеби бажыда дагы иштеши керек да конгонундой миллиондорду жеп,болушчулору менен болушуп,элди канчага чейин алдаар экенсинер...
+9
Nursbaike
2019-01-31 16:03:52
Эми текшерип аткандарга Кудайым эрк берсин байкуш кун карама напсинин кулу болсо чындык чыкпай президент жаман атты болот элге
+2
bond02
2019-01-31 16:12:48
Озун кармап туруш керек, качып кетпесин бир жакка.
+5
guard
2019-01-31 16:13:22
Тигинин кадры,башканын кадры дебей эле коелучу,баары тен бири-биринин кадры,тээ башынан.Акаевдин кадры Бакиев,Бакиевдин кадры Атамаев,Атамбаевдин кадры Жээнбеков,жалганбы,ушуга чейин бироосу президент болсо бироосу премьер болуп эриш-аркак иштешип келишпедиби,болгону туура болушо албай калышты окшойт бирин-бири сатып,же бул да жалганбы,чыпа-чын,Сингапурга кетип калсамбы деп ойлоп кетем,бирок ал жактан Мекеним алда канча жогору болтат,тазаланбайлыбы...
+4
Alinur96kg
2019-01-31 17:10:08
Бул жон гана интермедия. Раимди текшериш, соттош колдорунан келбейт. Эртен эле текшердик, таза экен деп койушат.
+8
tular
2019-01-31 17:14:05
Баракелде!!! Раим миллиондун инисида жетекчилик кызматта иштейт тура!!! Анан ал кантип жашырбай койбосун. Коросунор бул жерденда кургак чыгат...
+9
rysik79
2019-01-31 18:53:14
Сокенин акылы болсо райымжан лимонду да каматыш керек.
+6
Erik2018
2019-02-01 11:25:19
rysik79,Азыр Раимдин ичип жегени бүт териштирилип жатат. Мүлктөрунүн баары күч органдары аныктоо менен алек. Камабаганда анан Раим кайда качмак эле.
-1
erlan2196
2019-01-31 19:11:28
Жээнбековдун биринчи туугандарын бийликтен кетимейн жакшылык болбойт.
+5
Erik2018
2019-02-01 11:26:53
erlan2196, Кайсы тууганы бийликке келиптир. Билбей эле урдура бересинби. Азыр жемкорлук менен камалгандардын баары абакта жатат. Президент жеп ичкендерди тазалап, күчтүү комнада топтогондо гана мамлекетте жылыш болот. Азыр күчтүү команда топтоп жатат. Сага окшогондор түшүнбөй ХХХ ХХХ
-2
555-777
2019-01-31 21:22:16
Текшеруунун жыйынтыгына карап баа беребиз... азырынча бир нерсе деп аттуу кыйын
+4
souza.j
2019-02-01 09:40:31
Оюн.
+1
Mars575
2019-02-01 11:22:53
ооба, баары жакшы экен мыйзамдуу экен деп кайрадан мактап коет все.
+2
Erik2018
2019-02-01 13:28:55
Mars575,Тийшиттүү органдар эч качан андайга жол бербейт. Сага окшогондор жумурткадан кыр издешет.
-2
Mars575
2019-02-01 11:23:41
А эмнеге ГКНБ текшербейт иниси иштеген Финпол текшерет
+1
Erik2018
2019-02-01 13:29:35
Mars575,Айырмасы кайсы текешрип чыкса болду да.
-3
Bektur2011
2019-02-01 11:34:24
азаматтсынар камалсын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан