Ала-Бука районунда 113 окуучу чатырда билим алып жатышат. Аталган маалыматты SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Белгилүү болгондой, буга мектептин дубалдарынан жарака кетип, кооптуу абалга кептелгендиги себеп болгон.
"Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы Ажек орто мектеби кооптуу абалга келип, окутууга мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу ӨКМ тарабынан 3 чатыр тигилди. Чатырлар 11-январда тигилип, 13-январда жарыктандыруу иштери жүргүзүлүп, жылууланган. Учурда чатырларда 5-6-7-класстын, жалпы 113 окуучу окуп жатат", - деди басма сөз катчы.