3 баланын энеси Айчүрөк Шадыканова Бишкектин четиндеги таштанды таштоочу жайдан алыс эмес аймакта 1 бөлмөнү ижарага алып, күн кечирет. Анын жолдошу учурда ден соолугуна байланыштуу ишке жарамсыз жана үй-бүлөсүнөн бөлөк жашагандыктан балдарды багуу эненин милдети. Ал күн сайын 2 сааттай убакыт таап, гектарлап таштанды төгүлгөн жайга барып бөтөлкө, темир, желим өңдүү таштанды калдыктарын чогултуп сатат.
"Таштанды чогултуудан күнүнө 150-200 сомдой каражат табам" деген ал буларга токтолду.
“Балдарым 4, 2 жана 1 жашта. Тапканым күнүмдүк тамак-ашка эле жетет. Кыштын күнү үйдү жылуу кармаш үчүн көмүр сатып алууга да туура келет. Жолдошум тезирээк сакайып, турмушубуз жакшырат депген ишенимим чоң. Бул кыйынчылыктардын убактылуу экенин билем”, - дейт ал.
Айчүрөк Шадыканованын тагдыры тууралуу төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыздар. Ал эми бул үй-бүлөнүн жашоо шартына кайдыгер карабай, жардам берүүнү каалагандар 0707 30 64 66 номери аркылуу байланышса болот.